Биз менен байланышыңыз

Президент Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөнү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 114 | 0

Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Президенттин тапшырмасы менен 16-октябрда Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.

Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулары айтылды.

Учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да издөө жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.

16-октярда Жумгалдын 45 жаштагы тургуну 9 жаштагы баласы менен Жансар жайлоосуна кой кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Ошондон бери издөө иштеринен майнап чыга элек.

Дайынсыз болуп жаткан ата-баланын жакындары президенттен, өкмөттөн жардам сурап кайрылышты. Алардын айтымдарында, ата-баланы издөөгө кошумча күч, атайын техникалар жетишпей жатат. Мындан улам алар президенттен ӨКМдин кызматкерлеринен кошумча күч, кайык, дрон, суу астында көрүүчү камера, тик учак, иттерди берүүнү суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM