Биз менен байланышыңыз

Мектептердеги мугалимдердин 86 пайызын аялдар түзөт

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 89 | 0

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө «Мугалимдер» күнү белгиленет. 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

Улуттук статистикалык комитет мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелерин, мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору экенин билдирди.

Мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 5 пайызы директордун жана директордун орун басары кызматын ээлешет.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, айылдагы мектептерде  14 окуучу туура келет.

Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 5 миңге жакын уюм иштейт, аларда 118 миңге жакын педагог 2 миллиондон ашык тарбиялануучуну, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 94 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 30 миңден ашыгы шаардык, 63 миңден ашыгы айыл жерлериндеги мугалимдер.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жогору. Мисалы, 2023/2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайызга жакыны жогорку билимдүү.

Республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ар бир бешинчи студенти педагог кесибин тандаган. 2023/2024-окуу жылында республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмунун бардык уюмдары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматкерлер бүтүп чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM