Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Рим Папасы Францискти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 68 | 0

Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ватиканга жасаган расмий сапардын алкагында Рим Папасы Франциск менен жолугушту.

Мамлекет башчы сүйлөшүүдө Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик, көп улуттуу мамлекет экенин белгиледи. “Мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдейт жана дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпейт”, — деп билдирди.

Конфессиялар аралык ынтымак тууралуу айтып жатып, Кыргызстанда өлкөнүн бардык диний жамааттары коомдун ажырагыс бөлүгү экенин кошумчалады. Толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо, руханий-адеп-ахлактык принциптер өлкөнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойной турганын айтты.

Рим Папасы Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Баарлашуунун аягында президент Жапаров Рим Папасы Францискти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM