Connect with us

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштеткен завод ишке кирди

Кыска кабар | 27 Окт 2024 | 62 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты.

Таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана 133 млн сомго курулган.

Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 гектар аянтты түзөт. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM