Биз менен байланышыңыз

Чукул билдирүү. 26-27-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 23 Сен 2024 | 99 | 0

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM