Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Кореянын командалары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 15 Окт 2024 | 206 | 0

Бүгүн 15-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол боюнча улуттук курама командалары  Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтөт.

Оюн саат 20:00 башталат ага чейин саат 18:00 тарта атайын шоу-программанын коштоосунда  ата-мекендик эстрада жылдызы Мирбек Атабеков ырдайт.

Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM