Биз менен байланышыңыз

Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 123 | 0

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча кармалган Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү, саясатчы Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 14-сентябрда кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 13-сентябрда Бекназаров кармалганын кабарлаган.

2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана кмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо, коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка коюлган ири суммадагы акча каражатын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражатын мыйзамдаштырган.

12-сентябрда Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалды. Саясатчы Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, тергөө учурунда бөгөт чарасын тандоо маселеси сот тарабынан чечилет.

Азимбек Бекназаров «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалып, кийин райондук сот тарабынан бул иштин башка катышуучулары менен кошо акталган.

Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңеште 2000-2005-жылдары депутат болгон. Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM