Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы Алга Кылычовдун абалы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 235 | 0

Жазаларды аткаруу кызматы Кой-Таш окуясы боюнча соттолгон жарандык активист Алга Кылычовдун абалы жакшы экендигин «Маралга» билдирди.

Ал Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук госпиталга 9-сентябрда жаткырылган.

«Мен азыр эле биздин кызматкерлерге байланыштым, алар “абалы жакшы, тамак жеп, басып эле жүрөт”, — деп айтышты. Ал жакта биздин кызматкерлердин кароосунда. Биз буга чейин Улуттук госпиталга Алга Кылычовду стационардык дарылануудан өтүүсүн суранганбыз. Алар макулдук бергенден кийин 9-сентябрда тез жардам менен алып барганбыз» , — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Буга чейин маалымат каражаттары Алга Кылычовдун туугандарына таянып абалы оор экендигин, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жатканын жазышкан.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Алга Кылычовду ушул жылы 21-июнда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM