Биз менен байланышыңыз

Мотоцикл, скутер айдагандарга карата рейд жүргүзүлөт

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 201 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында 12-сентябрдан тарта мотоцикл, скутер айдагандарга карата чоң масштабда рейддик иш-чараларды жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, акыркы учурда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда өлүмгө алып келген кырсыктар катталууда. Айрыкча түнкүсүн катуу үндөр менен жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдыкта айдап, башка айдоочуларга коркунуч жаратууда.

Ошол себептен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында эртеңден баштап текшерүү иштери жүрүп, айрыкча тийиштүү документтери жок айдаган жарандарага айып салуу менен мотоциклдери айып короо жайына токтотулат.

Быйыл сентябрь айында эле эки жаран скутер катышкан кырсыкта каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM