Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты

Кыска кабар , Спорт | 10 Сен 2024 | 246 | 0

Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди.

«Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды  сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиз үчүн Сизге өлкөнүн Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, бүгүн бүт Кыргызстан сиздердин күчүңүздөрдү жана туруктуулугуңуздарды көрүп турат. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз», — деди Байсалов.

Ал гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Паралимпиадалык команданын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM