Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 14 Авг 2024 | 244 | 0

УКМК өлкө аймагында жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Анын алкагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы (иш жүзүндө шаардын борборундагы)  баасы 15 млн сомдон ашкан коомдук тамактануу жайы бар, аянты 0,10 га социалдык маанидеги жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM