Биз менен байланышыңыз

«Рух-Ордо» маданий комплекси сел сууларынан тазаланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 182 | 0

Кечээ, 12-август күнү саат 21:30да нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кокту-колоттордон келген сел суусу шаардагы 1 дүкөндүн, 7 турак жайдын короосуна жана Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу айылындагы бир турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.

Таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган 46 куткаруучу Рух Ордо маданий борборун тазалоого киришти.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматынын 2 инженердик техникасы тартылган.

Борборду ыкчам тазалоо максатында кошумча күч катары ӨКМдин дагы 75 куткаруучусунун жана техникалардын тартылуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM