Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов: Кийинки Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданам

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 229 | 0

Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтында Париж Олимпиадасынын катышуучуларын расмий тосуп алуу аземи өтүүдө.

Анда Олимпиадада коло медалга ээ болгон балбан Акжол Махмудов да сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө бул жолку олимпиадада алтын медал болбой калганына өкүнгөнүн айтып, кийинки Олимпиадага бүгүнтөн тарта даярдана турганын баса белгиледи.

«Бир гана нерсе айта алам. 2028-жылы боло турган Олимпиададан алтын медаль тагынуу үчүн болгон аракетти жумшайбыз. Мен бүгүнтөн тарта даярданам жана сөзсүз алтын алып келебиз деп ишенем», — деп кошумчалады.

Ошондой эле жалпы кыргызстандыктардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Парижде коло медалга татыктуу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM