Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Жөө күлүк Сардана Трофимова 14-орунду ээледи

Кыска кабар | 11 Авг 2024 | 393 | 0

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова бүгүн жарышка чыкты.

Ал жалпы эсепте 14-орунду ээледи.

Сардана Трофимова 42,2 чакырымдык марафондо чуркады. Жалпысынан бул аралыкты басып өтүүгө 91 спортчу катышты.

Трофимова 14-болуп 2 саат 26 мүнөт 47 секундда финишке жеткен.

Марафондо Нидерландиянын спортчусу Сифан Хассан жеңишке жетти. Трофимова андан 3 мүнөт 52 секунда артта калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM