Биз менен байланышыңыз

Президент Бразилиянын президентине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 10 Авг 2024 | 177 | 0

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага Бразилиянын Сан-Паулу штатында көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем. Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, кечээ 9-августта Сан-Паулу штатында учак кулаган. Анда 62 жүргүнчү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM