Биз менен байланышыңыз

ХАМАС жаңы лидери Яхья Синвар болгонун жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 843 | 0

ХАМАС тобу жаңы саясий жетекчиси Яхья Синвар болгонун жарыялады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Reuters агенттигинин маалыматында Яхья Синвар Газа тилексинде жашырынып жүрөт. Израил түрмөлөрүндө узак жылдар кармалган Синвар ХАМАСтын таасирдүү лидерлеринин бири.

ХАМАС тобунун буга чейинки жетекчиси Исмаил Хания июль айынын аягында Тегеранда өлтүрүлгөн.

Иранда ХАМАСтын саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмүн иликтөөгө байланыштуу жыйырмадан ашык киши кармалганы кабарланды.

The New York Times басылмасы Жакынкы Чыгыштагы жана ирандык аткаминерлерге шилтеме кылып президенттин инаугурациясына келген Хания 30-июлда анын бөлмөсүнө эки ай мурда орнотулган бомбанын жарылуусунан каза болгонун жазды.

Reuters агенттиги беш булагына таянып, Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп берүү чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулаганын жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM