Биз менен байланышыңыз

Питомниктерде мөмө-жемиш көчөтүн өндүрүүгө артыкчылык берилди

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 217 | 0

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 15 питомникке «Мөмө — жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын өндүрүүчү питомник» макамы ыйгарылды.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 1-июлунан баштап питомниктерде өстүрүлүп жаткан көчөт материалдарына айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери тарабынан талаа инспекциясы жүргүзүлүүдө.

Анда питомниктерде алманын, алмуруттун, өрүктүн, шабдалынын, карагаттын, малинанын жана кулпунайдын көчөт материалдары өстүрүлүп жаткандыгы аныкталып, сапаты текшерилди.

«Бул иш-чаралар багбанчылыкты өнүктүрүүнү инновациялык жолго өткөрүүгө, сертификатталган, сорттук отургузуу материалын, ошондой эле, мөмө-жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө, багбанчылыктын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет» ,- деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM