Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция жасалат

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 199 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы бейтапка сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациялоо операциясы жасалат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.

Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат.

Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берерин министрлик билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM