Биз менен байланышыңыз

3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 150 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-августка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30.

Нарын облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +35…+37 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM