Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 277 | 0

Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызмат Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) ишкердик субъектинен 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Р.Т. компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом талап кылган.

25-июлда ал 90 миң сомду алып жаткан жеринен иш бөлмөсүндө кармалды.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп,  кармалган С.Р.Т.га карата Талас шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM