Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 445 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-июлга караган түнү Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM