Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бийликти күч менен басып алууну пландаган топ кармалды

Кыска кабар | 6 Июл 2024 | 327 | 0

УКМК билдирген маалыматка караганда, бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана Жогорку Кеңештин депутатына таандык аскердик билет табылды.

Тинтүү учурунда:

— 50 даана мылтык;

— 20 даана тапанча;

— 255 миң 238 даана ок-дарылар;

— 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер;

— 38 даана ок өтпөс кийимдер;

— 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынды.

Мындан тышкары тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери табылып, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да табылды.

Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM