Биз менен байланышыңыз

Аскер комиссариатынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 183 | 0

Аскер прокуратурасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирген Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы У. Б.ны кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ал альтернативдик кызматты өтөө жана аскердик билетти берүү үчүн пара түрүндө талап кылынган 30 миң сомдун 7 миң сомун алууга айыпталууда.

Шектүү Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM