Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда электр чубалгыларын чыгарган завод ачылды

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 188 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан «Бек кабель» ЖЧКсынын электр чубалгыларын (кабель) чыгарган заводунун ачылыш аземине катышты.

Кыргызстан буга чейин электр чубалгыларын КМШ мамлекеттеринен импорттоп келген, бул заводдун ишке кириши менен импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү белгиленди.

Акылбек Жапаровдун айтымында, 2020-2023-жылдары кабель продукциясын импорттоо көлөмү көбөйгөн. Эми бул ишкана импорттун ордун толтуруу боюнча дагы бир кадам болуп саналат. Ишкана продукциясын импорттолгон кабелдерге караганда арзан жасап чыгарат.

Электр чубалгыларын чыгаруучу заводдун ачылышына “Айыл Банк” ачык акционердик коому өнөктөш болуп, заводдун курулушу менен ишке киргизилишин каржылоо үчүн 4,7 млн доллар бөлгөн. Ал эми инвестициянын жалпы суммасы 6,5 млн доллар.

Адистердин белгилөөсүндө, кабель заводу 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикатты иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган. Чыгарылган кабель ЕАЭБге мүчө мамлекеттерине экспортко чыгат.

Заводдо азырынча 70ке жакын жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгон, жумуш оруну дагы жогорулашы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM