Биз менен байланышыңыз

Таласта кайрымдуулук фонду катары мыйзамсыз иштеп келген медресе аныкталды

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 143 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында «Маданият борбору» кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынган диний окуу жайдын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады.

Бул медресе тиешелүү мамлекеттик органдардан каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Анда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.

Ошондой эле, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында «Маданият борбору» мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес. Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM