Биз менен байланышыңыз

Сузактагы окуя: тиешелүү министрлер аймакка барды

Кыска кабар | 3 мая 2024 | 262 | 0

Сузактагы массалык манас айтуу учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу айдоочу камакка алынды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү жана илим миинистри Догдуркүл Кендирбаева облустук ооруканада жаткан балдардын абалы менен жеринде таанышты. Учурда тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамге жеткенин билдирген.

Катталган кырсык УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков  кезектеги Нарын жана Чүй облустарында өткөрүлүүчү массалык түрдө манас айтуу иш-чаралары токтотулганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM