Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттады

Кыска кабар | 1 мая 2024 | 291 | 0

Бүгүнтөн баштап өлкөдө электр энергияга болгон баа кымбаттады.  Буга чейин министрлер кабинети 1-майдан тарта электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизгени белгилүү болгон.  Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатына ылайык, инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган.

2024-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясы төмөндөгүдөй тарифтер менен эсептелет:

— бир киловатт-саат үчүн 1 сом 11 тыйын, 700 киловат-сааттан ашкан учурда 2 сом 39 тыйын;

— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 55 тыйын;

— бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 3 сом 76 тыйын;

—  чектөөсүз колдонуу — 3 сом 63 тыйын.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM