Бүгүнтөн баштап өлкөдө электр энергияга болгон баа кымбаттады. Буга чейин министрлер кабинети 1-майдан тарта электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизгени белгилүү болгон. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатына ылайык, инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган.
2024-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясы төмөндөгүдөй тарифтер менен эсептелет:
— бир киловатт-саат үчүн 1 сом 11 тыйын, 700 киловат-сааттан ашкан учурда 2 сом 39 тыйын;
— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 55 тыйын;
— бюджеттик керектөөчүлөр үчүн 3 сом 76 тыйын;
— чектөөсүз колдонуу — 3 сом 63 тыйын.