Кыргызгидромет билдиргендей, 29-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Ош олблусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+6, күндүз +12…+17,
Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17, +19 градус болот.