Connect with us

Кыргызстан: аялдардын укугун коргой турган орган түзүү сунушталды

Коом | 8 Апр 2024 | 793 | 0

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашык адамды түзүп, 32 пайызга жеткен. Алардын 95 пайызы аялдар болгон. Министрлик аялдарга карата зомбулукка каршы профилактикалык иштерди жүргүзгөнү менен зомбулук азайган жок. Укук коргоочулар мамлекет бул маселенин чечүү жолдорун тезирээк таппаса, аягы өлүм менен аяктаган учурлар көбөйөрүн белгилешет. Эмне себептен зомбулукка кабылган аялдардын саны өсүп жатат? Алдын алуу жолдору кандай? 

Өткөн жумада Бишкектин Кут конушундагы жеке үйлөрдүн биринде үч баланын апасы, 33 жаштагы келин каза болуп, кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, эки айга камалды.

Ошол эле күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 52 жаштагы тургуну аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Облустук милициянын маалыматына ылайык, 25-февралда Жети-Өгүз райондук милициясына телефон аркылуу билдирүү түшүп, Кызыл-Суудагы таштандынын жанында 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши колдуу болгону такталган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миң 104 адамды түзүп, 32% га жеткен. Алардын 95%ы аялдар болгон.

Ал эми жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталды. Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочу Эржан Кайыповдун айтымында, өлкөдө аялдардын укугун мыйзам тарабынан коргоо эффективдүү эмес, башкача айтканда төмөн деңгээлде.

Ал бүгүнкү күндө аялдарга карата болуп жаткан үрөй учурган мамилелерди сындап, адамдар баалуулуктарын жоготкондо жана руханий интеллект жабыркаган учурда ушундай зөөкүрлүккө барышарын белгилейт.

Укук коргоочу үй-бүлө курардын алдында эки жаш кандайдыр бир даярдыктан, окутуудан өткөндөн кийин нике күбөлүгүн алууга жол бериле турган мыйзам киргизүү керектигин белгиледи.

«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш болуп каралганы менен ошондой фактылар боюнча тартип сактоо органдары убагында чара көрбөй, ошондуктан үй-бүлөдөгү зомбулук күчөп кетти. Мисалы бир үй-бүлөнүн ичинде зомбулук жылдар бою болот же айлап болушу мүмкүн. Анан өлүм менен же ден соолукка оор зыян келтирүү менен аяктайт. Эгер баштапкы баскычында тартип сактоо органдарына маалымат түшсө, дароо мамлекеттик машина иштеп башташ керек. Мамлекеттик машина сөзсүз баарын жазалап, ажыраштырып эле эмес, зомбулукка барган, агресивдүү үй-бүлө мүчөлөрү менен психологиялык иш алып барыш керек».

Өткөн жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы кулак-мурду кескиленген келин Сокулук райондук ооруканасына түшкөн. Кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду райондук сот 20 жылга эркиндигинен ажыратты.

Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн кордоп жатканын айтып буга чейин да беш жолу милицияга арыз жазганы белгилүү болгон. Анын соттук иши азыркыга чейин уланууда.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова мамлекетте социалдык кызматкерлердин жетишсиз болгону да үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө себеп болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, зомбулук бир күндө пайда болбойт. Андыктан социалдык кызматкерлер зомбулуктун алдын алуу багытында пландуу иштерди дайыма аткарып турушу зарыл.

Турдубекова ар бир 3 миң тургунга адамдын укугун коргой турган бирден өкмөттүн социалдык кызматери болуш керектигин айтат.

«Өкмөттүн атынан кызмат көрсөтө турган атайын соцалдык кызматкерлер жана кызматтар болуш керек. Кыргызстан 1 миң социалдык кызматкер керек. Себеби зомбулук бир күндө эле, өзүнөн-өзү пайда болбойт. Пайда болбош үчүн, алдын алуу үчүн аябай пландуу системага киргизип, күнү-түнү иштеш керек. Ал үчүн бизде социалдык кызматкерлер болуш керек. Ар бир 3000 тургунга бир социалдык кызматкер керек. Өкмөттүн, айылдардын, жаңы конуштардын, шаарлардын деңгээлинде өкмөттүн атынан коргоо системаны ишке ашыруу үчүн социалдык кызматкерлер болуш керек».

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылган курмандыктарды атайлап каралоо учурлары көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурларда зордук-зомбулукка кабылган секелек кыздардын өздөрүн күнөөлөгөнгө аракет кылгандар бар. Укук коргоо органдары ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюп, зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

Буга чейин Акыйкатчыга Сокулукта бир нече ай бою 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13 жашар кыздын жакындары алардын укугун коргоп берүү үчүн кайрылган.

Аялдарга карата зомбулук маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Элвира Сурабалдиева Сокулукта мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин артында 3 баласы жетим калганын айтып, Ички иштер министрлигин чара көрүүгө чакырды.

«Түндө дагы бир келинибизди союп кетишиптир. Башка сөз жок. Сокулукта. Туурабы? Маалымат барбы бул боюнча? Тирүүлөй 3 баласы жетим калды. Мурдагы күйөөсү таап, мууздап кетиптир, бычактап. Буга чейинки Аселди «мындай жүргөн», «тигиндей жүргөн» деп мырзаларыбыз жамандашкан. Бул келин жоолукчан, ыйман жолунда жүргөн келин экен. Мен түшүнбөйм мындай нерселерди».

Жыл башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча билдирүү жасаган.

Ал ушул жылдын башында Кадамжай районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин тагдыры аянычтуу аяктаганын билдирип, зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырган.

Белгилей кетсек, Кадамжай районунда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза тапты. Ал 1-топтогу майыптыгы бар экени айтылды. Артында 2 кызы калды.

Депутат Шарапаткан Мажитова президенттин же өкмөттүн алдында балдардын жана аялдардын укуктарын коргой турган өзүнчө орган түзүүнү сунуштады.

Ал калктын 50 пайыздан ашыгы аялдар, 40 пайызга жакыны балдар экенин белгиледи.

«Президенттин же Министрлер кабинетинин алдында аялдардын, балдардын укуктарын коргой турган жоопкерчиликтүү өзүнчө бир комитет же орган түзүп берсеңиздер. Себеби бүгүнкү күндө Эмгек министрлигине караган социалдык кызматкерлер жетишпейт. Себеби 100 миң, 75 миң адамга, 60 миң адамга бир социалдык кызматкер туура келет да, эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок. Бүгүнкү күндө интернетти ачсаң эле резонанстуу окуялар чыгып жатат. Жаш өспүрүмдөрдү зордуктап жатышат. Бул маселени чечип бериңиздер».

Жыл башында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алган бул мыйзам зордук-зомбулук менен күрөшүү, зордукчулардын жазасын катаалдатуу максатында иштелип чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесиндеги «жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген чыгымдын ордун толуктаса, жоопко тартылуудан бошотулушу мүмкүн» деген ченемдер зордуктоо кылмышынан таптакыр алып салынды. Жаңы ченемдер боюнча зордукчулар кандай шартта болсо да, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Ал эми уюмдун 2023-жылдын 24-октябрындагы маалыматында Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM