Connect with us

Сузакта 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды (видео)

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 455 | 0

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 1971-жылы туулган тургуну М.К.А.нын сөөгү табылган. Кароодо анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Бул боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгогон. Бирок кылмыштын бетин ачуу боюнча көрүлгөн чаралар натыйжа берген эмес.

Буга байланыштуу маркум М.К.А.нын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз менен кайрылышкан.

УКМКнын кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, натыйжада М.К.А.нын өлүмүнө шектүү катары 1989-жылы туулган айылдашы К.А.А.ны табышкан.

Кармалган адам көрсөтмөсүндө жеке араздашуулардын айынан мас болуп барып, өлтүрүп салганын мойнуна алган.

Учурда К.А.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бул ишке катышы бар адамдарды табуу иштери жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM