Connect with us

Депутат Жамгырчиев парламент жыйынында кылмыш иши тууралуу айтты

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 201 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 16-январдагы жыйынына катышып, өзүнө карата ачылган иш боюнча үн катты.

Депутат мыйзамдуу өлкөдө соттун чечими акыркы болушу керектигин айтып, өзүнө карата ачылган иште да өкүм чыкканга чейин сындабаганга чакырды.

«Кимдир бирөөнүн күнөөсү бар-жоктугун сот гана мыйзам менен далилдейт, чечим чыгарат жана Жараткан гана күнөөлүү деп айта алат. Өзүм жон терим менен сезип жаткан иш боюнча кыскача айта кетсем, депутат катары эле эмес, катардагы жаран катары деле кесиптештеримден суранат элем, алдын ала сын-пикирден алысыраак болсок. Тергөө иштери жүрүп жатат, иш сотко өтөт, менин да маалыматтарым бар, өкүм чыккандан кийин гана сын айтсак. Себеби менин да артымда ата-энем, үй-бүлөм, бала-бакырам бар, аларды да ыңгайсыз абалга калтырып коюп атабыз. Ар бирибиздин башыбызга мындай иш келсе, карайлап калат экенсиң», — деди Жамгырчиев.

Депутат Эмил Жамгырчиевге «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча айып тагылган. Ушул берене менен аны жоопко тартууну парламенттен Башкы прокуратура суранган. Жогорку Кеңеште убактылуу комиссия түзүлүп, комиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берген.

Депутат 9-январда ЖКда түзүлгөн комиссиянын чечими чыкканга чейин белгисиз себептер менен качып кеткен. Парламенттин 10-январдагы жыйынында Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев күч органдарына тергөө ишине байланыштуу келсе, кармалбай турганын айткан.

12-январда УКМК Жамгырчиев Атайын кызматка келип, шектүү катары сурак берип, кайра коё берилгенин кабарлаган. 

Учурда депутаттын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча ишинин материалдары тергелип бүтүү этабында экени жана сотко өткөрүлүп берилери айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM