Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында депутаттар Жогорку Соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлер каралды.
Талапкерлер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Президент Жогорку Соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.
Талкуунун жыйынтыгында судьялар шайланып, парламенттин токтому кабыл алынды. Жогорку Соттун шайланган судьялары ант беришти.