Connect with us

Эквадордун түрмөсүнөн кылмыштуу топтун лидери качып, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 2145 | 0

Эквадордун түрмөсүнөн кылмыштуу топтун лидери качты. Өлкөдө эки айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

«Фито» лакап аты бар Адольфо Макиас Вильямар 12 жыл түрмөдө отурган жана «Лос Чонерос» («Чоне шаарынын адамдары») мафиялык тобун жетектеген.

Вильямардын камерасы Гуаякиль шаарындагы түрмөнүн өзгөчө тыкыр кайтарылышы керек болгон бир бөлүгүндө жайгашкан.

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа өлкөдө 60 күндүк өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул аралыкта коомдук чогулуштарга убактылуу тыюу салынып, коменданттык саат киргизилет. Президент өзгөчө кырдаал полицияга өлкөнүн түрмөлөрүн түз көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берерин билдирет.

«Нарко-террордук топтор бизди коркутуп, алардын талабына моюн сундурабыз деп ойлошот. Бирок биз террорчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз жана өлкөдө тынчтык орномоюнча тынчыбайбыз», — деди ал.

35 жаштагы Даниел Нобоа 2023-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Шайлоо өнөктүгү маалында талапкерлердин бири өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө түрмөдөн качкан кылмыштуу топтун лидери «Фито» шектелүүдө.

«Эквадор полициясы «Фитонун» камерада жок экенин жекшемби күнү аныктаган. Алар анын түрмөдөн качканын же жашырынып жүргөнүн так билишпейт», — деп айтылат маалыматтарда.

Аймактык түрмө (La Regional) беш түзөтүү мекемесин камтыган түрмө комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. Анда 12 миңден ашык туткун бар.

«Лос Чонерос» кылмыштуу тобу негизинен баңги аткезчилиги жана рэкетчилик менен алектенет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM