Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунун Түп районунда баңгизат өндүргөн лаборатория аныкталганын кабарлады.
Министрликке буга чейин узак убакыт бою Бишкекке «гашиш» жана «марихуана» баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенгендер тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча 2023-жылдын ноябрында Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.
2024-жылы 3-январында кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармоо чарасы жүргүзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1978-жылы туулган Б.А.Н. жана 2000-жылы туулган Л.Н.В. жүргөн унаасын токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча экөө тең мурда соттолгон.
Унааны текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган.
Мындан тышкары, жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган кочкул жашыл түстөгү, салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган.
Ошондой эле унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган.
Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандар алынган баңги каражаттарын Түп районунун аймагындагы кой короолордун биринен жүктөп жибергендиги аныкталган.
Сарайдын жер төлөсүнүн ичинде баңги каражаттарды өндүрүүдө колдонулган буюмдар жана каражаттар бар баңги лаборатория аныкталган. Ал жерден газ баллондору, торчолор, кол каптар, отверткалар, скотч, кайчы жана спирттүү флакондор табылган.
Мындан тышкары 3 полиэтилен баштык табылып, алардын ичинде салмагы 17 кг 564 грамм баңгизаты табылган. Кармалгандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.