Connect with us

Юстиция министрлиги Абдылдаевдин өлүмү боюнча комиссия түздү

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 363 | 0

Арстанбек Абдылдаевдин Жазаларды аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде болгон өлүмүнүн чоо-жайын тактоо боюнча комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу «Маралга» Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Комиссия бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин абактагы видеокамераларга жазылып калган өз алдынча кыймылдары изилденип, суицидке түрткөн белгилер аныкталат.

Материалдар тергөөгө чейинки стандарттык жол-жоболордун алкагында ачылып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.

Бүгүн, 5-январда тергөө абагындагы Арстан Алайдын сөөгү табылганын жактоочу Кайсын Абакиров айтып чыкты.

Андан кийин Жазаларды аткаруу кызматы Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү тууралуу маалымат таратып, 5-январда таңкы саат 05:15 чамасында Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө Абдылдаевдин асылып турган сөөгү табылганын билдирди.

Абдылдаев 15-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган. 16-декабрь күнү Бишкектин Октябрь райондук соту аны №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, Абдылдаев «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала аныктама менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.

29-декабрь күнү жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында «такталбаган психатикалык инсандык бузулуу», «коронардык жүрөк оорусу», «өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» диагнозу коюлган.

«Клиникалык диагнозду тактоо үчүн врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган. 5-январда саат 04:52 чамасында Абдылдаев абактын дарылоо мекемесинин ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган» , -деп айтылат маалыматта.

Сөөктү кароодо жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM