Connect with us

Депутат: Менчик медициналык клиникаларда шалаакылык күчөдү

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 239 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Медициналык клиникаларда шалаакылык күчөдү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы жыйынында айтты.

Ал стоматологиялык клиникада тиш тазалоо учурунда чарчап калган үч жаштагы кыздын ата-энеси өзүнө кайрылып, шалаакылык кылган дарыгерлерге чара көрүүнү өтүнгөнүн айтты.

«Бизде медборборлордо, менчик клиникаларда шалаакылык, ишин билбегендик көбөйдү окшойт. Кичинекей кыздын окуясын социалдык тармакка жазсам, ошол күнү бир жаран апасы өтүнөн таш алдырган операция учурунда каза болуп калганын жазды. Бул жөнөкөй эле операция. Жаңы жылда бүт менчик клиникаларды, медборборлорду текшерип, иштегендерди аттестациядан кайра өткөрүү керек», — деди депутат.

Дастан Бекешев соттук-экспертизанын жыйынтыгы кеч чыгып жатканын, мындан улам адам өлүмү катталса да, кылмыш иши козголбой, шалаакылык кетирген дарыгерлерге чара көрүлбөй жатканын айтты.

Бишкекте 18-декабрда стоматологиялык клиникада үч жашар кыз тиш дарылоо учурунда каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзүп, окуя териштириле баштаган. Стоматологиялык клиника убактылуу жабылган.

Жактоочу Канат Хасанов окуя тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде маалымат берген. Наристенин атасы аны тиш доктурга тиштерин тазалоо үчүн алып келген. Дарыгерлер ага «Севоран» дарысын жыттатып, тишин тазалайбыз дешкен, бирок ага ийне сайышкан жана кыз ошол бойдон ойгонбой калган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жеке клиникаларды текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталууда. Бул иш күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM