Connect with us

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев жаңы тууга каршы экенин айтты

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 243 | 0

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев Фейсбук баракчасына видео кайрылуу жасап, Кыргызстандын парламент тарабынан кабыл алынган жаңы туусуна каршы экенин билдирди.

Спортчу 19 жашынан бери спорт аренасында Кыргызстандын желегин желбиретип келгенин, келечекте да беттештерге эски желек менен чыгарын, жаңы желекти тааныбай турганын айтты. Ал башкаларды да жарандык пикирин ачык айтууга чакырды.

Дастан Шаршеев кикбокстун WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону.

Бир күн мурун күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мындан ары да күрөштө эски желек менен чыгарын айткан.

Андан кийин айрым бийлик өкүлдөрү тарабынан аны айыптаган пикирлер айтылган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жоламан Шаршенбековдун сөздөрүн журналисттер контексттен чыгарып алышканын айткан.

Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды. Долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Эми документке президент кол коюшу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM