Connect with us

УКМК Токмокто ишкерди опузалоого шектүү кармалганын билдирди

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 159 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, «Токмок шаарынын кароочусу» деп катталган К.Э.Ж. жеке ишкерден 5 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды.

Атайын кызмат кармалган адам күч көрсөтүү жолу менен унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде акча талап кылып турганы аныкталганын билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. миң долларды алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды жана ишкерлерди кармалган адамдын пара талап кылган башка фактылары боюнча УКМКга кайрылууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM