«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жыйынында талкуусуз, экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы болгон депутаттар — Медер Алиев, Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо.