Connect with us

Министр: Быйыл кызамыктан алты бала көз жумду

Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 366 | 0

Быйыл жыл башынан бери 6 миңге жакын бала кызамык менен ооруду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралдын» эфиринде айтты.

Анын маалыматына караганда, кызамыктан алты бала көз жумду. Бүгүнкү күндө эмдөөдөн өтө турган 16 миң бала бар. Бирок көпчүлүк ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартууда. Министр кызамыкты эмдөө менен токтотууга болорун айтат.

«Бейтаптардын 85 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн балдар. Негизи эмдөөдөн эки жолу өтүү керек, биринчиси 1 жашка чейин, экинчиси 6 жашта. Биздин көп ата-эне баласын эмдөөдөн өткөрбөй коюп жатышат. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында 2 миңге жакын эмдөө пункттарын ачтык, дарыгерлерди окутуудан өткөрдүк. 200дөн ашык баланы вакцина бердик. Эмдөөдөн өтө турган 16 мин бала бар. Биз Муфтият менен кайрылдык, өзүм жолуктум, аларда ата-энелерге түшүндүрүп жатат. Кызамыкты эмдөө менен гана токтотобуз. Ал жугуп калса, күчөп кетип, малярия, полиомиелитке алып келет. Көзү көрбөй калат, кулагы укпай калат. Ошонун алдын алуу үчүн сөзсүз эмдөөдөн өтүү керек» , — деди министр.

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM