Connect with us

Каракол шаарындагы базарлар ижара акысын 20% төмөндөттү

Кыска кабар | 18 Дек 2023 | 283 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылганын билдирди.

Каракол шаарындагы “Ак-Тилек плюс”,  “Ак-Тилек”,  “Бугу” жана “Макиш”, “Ак-Тилек+5”, “Ак-Тилек+2” базарлары ижара акысын арзандатууга макул болушкан.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү үчүн базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу чараларын көрүп жатканы айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөн жумада Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринде ижара акысы 30 пайызга  арзандатылганын билдирген.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылдан тарта патент менен иштөө системасы жокко чыгарыларын жана ККМ аппараттарын колдонуу милдеттүү болорун маалымдаган. Ал эми «Дордой», «Кара-Суу» базарларына өзгөчө салык режими кире турган болгон. Мындан кийин базарларда соодагерлер нааразылык акциясын өткөрүп, патент менен иштөөнү калтырууну талап кылган.

«Дордойдогу» митинг учурунда президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушуп, патент менен иштөө симтемасы дагы жарым жылга калтырыларын айткан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлерине кайрылып, соодагерлерге ижара акысын төмөндөтүүнү, базарлардагы салык маселесине байланыштуу кыңыр иштер териштирилиши керектигин талап кылган.

Андан бери бир топ базарда коррупциялык система түзүүгө шек саналып бир нече салык кызматкери кармалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM