Жоодар Омошов JIA бизнес ассоциациясынын башкармалыгынын башчысы кызматына кайрадан шайланды. Бул тууралуу ассоциациянын басма сөз кызматы билдирди.
14-декабрда ассоциациянын 21 адамдан турган башкаруу кеңешинин биринчи отуруму өттү. Анда Жоодар Омошов төрага болуп шайланды, ал бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келет.
Башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Мэлс Эркинбек менен Жеңишбек Абдрахманов шайланышты.
JIA бизнес ассоциациясынын 2021-2023 – жылдагы башкаруу кеңешинин курамы 19 адамдан туруп, төраганын бир гана орун басары болгон.