Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кампадан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Кыска кабар | 11 Июн 2023 | 132 | 0

Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан кампалардан чыккан ири өрт эки күн дегенде толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Матросов көчөсү, 1А (Сыр база) дарегиндеги кампалардын биринен өрт чыгып, жерине ӨКМдин 10 өрт өчүрүү-куткаруу тобу, андан тышкары ИИМден 3 топ, Тез жардам кызматынан 1 экипаж, райондук электр станциясынан 1 бригада, «Тазалык» ишканасынан суу ташыган унаанын айдоочусу барып, өрт таңкы саат 4:39да чектөөгө алынган. 10-июнда саат 23:55те өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт болжолдуу 3800 чарчы метр аянтка жайылган. Ыкчам аракеттердин арты менен 22 кислород баллону, 5 пропан баллону тышка чыгарылып, ламинат материалдар, 270 чарчы метр аянтта сакталып турган тазалоочу каражаттар, ошондой эле жакын жайгашкан кампалар сакталып калган.

Кырсыктан жабыркаган адамдар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM