Биз менен байланышыңыз

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары пара алууга шектелип кармалды (видео)

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 132 | 0

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

УКМКга Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана шаардык кеңештин депутаты С.Н.А. жергиликтүү органдарынын биринин жетекчисин «ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, кызмат ордуңду жалпы отурумда караттырам» деп коркутуп, 25 миң пара сураганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен иш козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган адамдар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Шектүүлөр соттун чечими менен эки айга камакка алынып, учурда сурак берип жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM