Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 234 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады.

«Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Түркияда 28-майда президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды

Режеп Тайип Эрдоган — 52,16%,
Кемал Кылычдароглу — 47,84% добуш алды.

Учурдагы президент Эрдоганга 27 миллиондон ашык шайлоочу добуш берсе, анын атаандашы Кемал Кылычдароглуна дээрлик 27 миллиондон ашык жаран добуш берди. Ал эми аймактар боюнча эсептегенде, Эрдоган 51 провинцияда алдыга чыкса, Кылычдароглу 30 провинцияда, анын ичинде ири шаарлар Анкара, Стамбул жана Измирде алдыга чыкты.

Эрдоган шайлоонун алгачкы жыйынтыктарынан соң, Стамбулдагы тарапташтарынын алдына чыгып кайрылуу жасады.

Ал эми анын атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоонун жыйынтыктары боюнча алгачкы комментарийин Республикачылар партиясынын башкы штабында берди. Ал шайлоонун таза өтпөгөнүн айтып, атаандашы админресурсту колдонгонун сындап, Эрдоганды куттуктаган жок. Ал эми ага добуш берген калкка, анын ичинде жаштар менен аялдарга ыраазычылык билдирди.

Шайлоо жыйынтыктарынын чыга баштаганда учурдагы президентти Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктаган.

Түркияда жалпы шайлоочулардын саны 60 млн 769 миң 268. Биринчи турдагы добуш берүүдө шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу дээрлик 90%ды түзгөн. Ал эми 2-турда шайлоочулардын катышуусу 85% болду.

Copyright © 2017 Maral FM