Биз менен байланышыңыз

Бакиевдин маеги: Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 331 | 0

Улуттук телерадио берүү корпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги коомчулукта нааразылык жаратканына байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу УТРКдан кабарлашты.

УТРКнын маалыматына караганда, Кадыр Кошалиев өз каалоосу менен ишинен бошогон. Ал мунун себебин корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбегени менен түшүндүргөн. Учурда маселени Этика жана тартип комиссиясы иликтеп жатат, бирок корутунду чыгара элек.

УТРК Кошалиевди каналдын жетекчилиги менен  макулдашпай Бакиевден маек алганын билдирген.

Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты корпорация бөлгөн эмес жана бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес.

Кадыр Кошалиев УТРКда көп жылдан бери эмгектенип, буга чейин да түрдүү жанрдагы автордук программаларды эфирге чыгарып келгени айтылды. 

Copyright © 2017 Maral FM