Биз менен байланышыңыз

Жапаров Дүйнөлүк банктан «түз колдоо» сурады

Кыска кабар | 11 Апр 2023 | 282 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту.

Алар Кыргызстанда экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү, санариптештирүү тармактарындагы долбоорлорду талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстанга көбүрөөк көлөмдөгү «түз колдоо» керектигин айтып, ал каражат өлкө экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын таасирин жоюуга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталарын белгиледи. Мындан тышкары, тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.

«Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Минкаб башчысы.

Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргызстандын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону көбөйтүүдө олуттуу жылыш бар экенин белгиледи. Жакын арада жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы долбоору даярдаларын айтты.

Учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.

Акылбек Жапаров Вашингтонго иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарына катышат. Ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM