Кечээ Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:
1) Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргызстандынн энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
2) Кубаттуулугу 21 Мвт. түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюуга багытталган негизги кадамдардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында «Чакан» ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыкдар экенин билдирди.