Connect with us

Кыргызстанда радикалдашуу күч алууда. Онлайн экстремизмдин курмандыктары

Коом , Саясат | 2 Дек 2022 | 1014 | 0

Зордук-зомбулук экстремизм идеяларын интернетте жайылтуу көйгөйү дүйнө мамлекеттерин жана эл аралык уюмдарды көптөн бери түйшөлтүп келет. Бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй, радикалдашуу көйгөйү ушунчалык көп кырдуу болгондуктан, тобокелге салынган адамдардын шарттуу психологиялык портретин да аныктоо мүмкүн эмес. Онлайн экстремизмдин курмандыктары ар кандай курактагы, билимдүү, социалдык жана үй-бүлөлүк абалы бар адамдар болушу мүмкүн. Башка сөз менен айтканда, эч ким онлайн экстремизмдин курмандыгы болуу коркунучунан иммунитетке ээ эмес.

Буга байланыштуу Кыргызстанда зомбулуктуу экстремизмге каршы турууга багытталган «Ойлон. Сак бол» медиакампаниясы старт алды.

“Ойлон. Сак бол” медиа-өнөктүгүнүн максаты – онлайн радикалдашууга каршы туруу жана Кыргызстандагы калктын кеңири катмарын кибер мейкиндиктеги коркунучтар жөнүндө алдын алуу болуп саналат.

Аталган медиакампания — туугандары жана жакындары экстремисттик топтордун онлайн-жалдоонун курмандыгы болгон адамдардын кыска метраждуу тасмалардан, ошондой эле зомбулуктуу экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эксперттердин интервьюларынан турат.

«Ойлон. Сак бол!» медиакампаниясы жарандарды сергек болууга, социалдык тармактардагы маалыматты сын көз караш менен кабыл алууга, шектенүү жана көйгөйлөр пайда болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдардан кеңеш жана жардам суроого үндөйт.

Бул тууралуу Дин комиссиясына караштуу диний кырдаалды изилдөө борборунун жетекчиси Идирисбек Муруталиев маалымдап, биринчи кезекте ата-энелерди балдарынын интернет чөйрөсүндөгү аракеттерин көзөмөлдөп турууга чакырды.

“Биздин жаштарга, жарандарга кандай гана интернет сайттар болбосун биринчи ойлон, анан сак бол деген чакырык таштап жатабыз. Кайсы сайтка кирип жатасыңар? Ким менен сүйлөшүп жатасыңар? Ушунун баарын билиш керек. Айрыкча ата-энелер балдары кайсы интернет платформада отуруп жатканы, ким менен сүйлөшүп жатканы, ким менен кандай мамиле түзүп жатканы тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөп, дайым билип туруу зарыл. Себеби жарандардын сабатсыздыгынан, маалымат, түшүнүгү жоктугунан бир топ биздин жаран Сирияга чыгып кетип, азыр ал жердеги абакта жатышат. Бул үй-бүлөлүк чон трагедия”.

Кыргызстандын ээлеген ордун, саясий экономикалык абалын караганда, диний экстремизм, радикалдашуу эң бир орчундуу, кечиктирүүсүз карала турган проблемалар.

Эксперттер соңку мезгилдерде Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик жана террордук уюмдар активдешип жатканын белгилешет. Алар Сирия, Ооганстан жана Украинадагы кризистик жагдайлар террордук уюмдардын өз кызыкчылыгын алга сүрөшүнө олуттуу түрткү берип жатканын айтышат.

Ушул медиа өнөктүгүнүн алкагында даярдалган кыска метраждуу видео тасмалар чыныгы турмуштан алынып, жакындары жана туугандары алдануу жолу менен Сирияга кетип калгандар, ал жактагы жашоолору жана тагдыры туурасында тартылган. Мындай тасмалар жарандарга жана жаштарга эсктремисттик, террористтик топтордун кылтагына кабылып калбоодон сактай турганын Көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаилов билдирип, терс топторго кабылууга түрткү болгон себептерди атады.

“Биринчи кезекте – билимдин деңгээли. Адамдын жетиштүү билими болбогону, коомдогу терс уюмдар туурасында маалыматтын жана түшүнүктүн жоктугу. Кийинки маселе – бул коомдо болуп жаткан депрессиялык кырдаалдар. Тактап айтканда, жумушсуздук, экономикалык кризис, укуктук нигилизм – булардын баары шарт түзгөн негиздерден болуп саналат. Мындан сырткары, башкы себеп бул мамлекеттин бүгүнкү күндөгү абалы. Ошого карата кээ бир адамдар рационалдуу эмес, эмоцианалдуу мамиле кылган учурлар бар – бул дагы чоң таасир тийгизген факторлордон бири болуп саналат”.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын өкүлү Манас Аманбаев дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда да радикалдашуу процесси күч алып жатканын белгиледи.

Ал жарандар терс топторго көбүн эсе билбестиктен кабылып жатканын эскертип, ушул сыяктуу агартуу, маалымдоо жана түшундүрүү иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жыл башынан бери төрт миңден ашуун профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтты.

Аманбаев үстүбүздөгү жылы экстремисстик-террористтик топторго кабылган 200дөн ашуун факт аныкталганын, соттун чечими чыкмайынча так маалымат бере албай турганын айтып, эгер кылмыш аракети аныкталган болсо жазасы катаал болорун түшүндүрдү.

“Экстремизм, терроризм боюнча эгер кылмыш аракеты аныкталган болсо жаза мөөнөтү аябагандай оор. Себеби эскертүү, пробациялык тартиптери каралган эмес. Биринчи бөлүк боюнча дароо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу маселели каралып калган. Жаза мөөнөтү жана жазасы аябай оор кылмыштардык катарына киргендиги үчүн буга амнистиция да каралган эмес. Ошондуктан жарандарыбызды этият болууга чакырабыз”.

Биз сөз кылып жаткан “Ойлон. Сак бол!” медиакампаниясы «Глобалдык медиа борбор» долбоорунун алкагында «Интерфейс Кансил» коомдук бирикмеси жана диний кырдаалды изилдөө борбору, британиялык REOC Communications уюму жана эл аралык байланыш тобу менен биргеликте иштелип чыккан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 2003-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 21 диний уюмдун ишмердигине тыюу салынган. Соттук инстанциялар аларды бузуку, экстремисттик жана террордук уюм деп тапкан.

2020-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын бекиткен. Концепция Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM